Түркиядан келген жарандардын арасында коронавирус илдетин жуктуруп алгандар бар. Бул тууралуу 23-апрелдеги брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев айтты.
Анын айтуусуна караганда Стамбулдан келгендердин көпчүлүгү үй карантинине чыгарылган.
“Түркиядан келгендердин арасында илдет чыгып калгандар дагы болду. Аларды ооруканаларга жаткырдык. Ал эми калгандарын кайталап анализ алып, телефондоруна тиркемелерди орнотуп үй карантинине чыгардык. 14 күндөн кийин кайра анализдер алынат. Алар үй карантининде да дарыгерлердин көзөмөлүндө болот”, - деди Үсөнбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн