Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев “Стамбул-Бишкек” багыты боюнча учуп келген жарандарды кандай шартта үйлөрүнө чыгарганын билдирди.
Анын айтуусуна караганда учуп келгендердин баарын “Ак Кеме” мейманканасындагы обсерваторго алынып келинип, толук лабароториялык тестирлөөдөн өткөн.
"Биз алардын баарынан анализдерин алдык. Телефондоруна тиркемелер орнотулуп, анкеталары толтурулду. Шек жаралбаган, үйүндө карантиндик шартты аткарганга мүмкүнчүлүгү барлар үйгө чыгарылды. Кээ бир жарандар Түркияда бөйрөгүнө операция жасатып келе жатышкан экен, кээ бирлер дарыланып келе жаткан, маселелерин эске алып жөнөткөнбүз", - деди Үсөнбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн