Бугу 19, 2024
Убакыт: 06:10
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Түркияга жөнөтүлгөн куткаруучулардын экинчи тобу издөө-куткаруу иштерине киришти

Түркияга жөнөтүлгөн куткаруучулардын экинчи тобу издөө-куткаруу иштерине киришти

Түркияга кеткен кыргызстандык куткаруучулардын 80 адамдан турган экинчи тобу издөө иштерине киришти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн таң эрте 80 куткаруучу издөө-куткаруу иштерин аткарып жаткан 67 куткаруучу менен биргеликте Кахраманмараш шаарынан 15 мүнөттүк алыстыкта жайгашкан райондогу талкаланган урандылардан издөө иштерин жүргүзө баштады.

Куткаруучулар жаңы бөлүнгөн аймакка издөө иштерине ӨКМ башчысынын орун басарлары Азамат Мамбетов жана Эделбек Кулматовдун жетекчилиги менен чыгып кетишти.

Кечээ, 12-февралда табигый кырсыктан жабыркаган боордош түрк элине колдоо көрсөтүү үчүн атайын учак менен 80 куткаруучу, 6 дарыгер, боз үй тигүүчүлөр, 75 боз үй жөнөтүлгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн