Түрк ишкерлери Баткен облусунун тургундарына социалдык жардам катары спорт комплексин курууну каалашууда. Бул тууралуу Инвестиция министрлиги билдирди.
Белгилүү болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жүндү кайра иштетүү, спорт комплексин, маданий жайларды куруу, ошондой эле катуу таштандыларды кайра иштетүү жаатындагы долбоорлорду биргеликте ишке ашырууну макулдашты.
Өз кезегинде министр Шыкмаматов түрк тарапка чет элдик инвесторлорго жер тилкесин берүүнүн жол-жоболору жөнүндө айтып берди.
Мындан тышкары, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында тараптар объектилерди текшерүү үчүн иш сапарын пландаштырып жатышат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн