Бугу 15, 2024
Убакыт: 18:51
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Түркиянын ИИМ башчысы Сойлу Бообек Ажикеев менен жолугушту

08.11.2022 15:14
301
Түркиянын ИИМ башчысы Сойлу Бообек Ажикеев менен жолугушту


Бүгүн, 8-ноябрда Түркия Республикасынын Ички иштер министри Сулейман Сойлу жумушчу сапары менен Кыргыз Республикасында болду. Жумушчу сапардын алкагында Сулейман Сойлу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, эки тараптуу жолугушууда ӨК министри Бообек Ажикеев эл аралык кызматташууга өзгөчө маани берерин баса белгиледи. Ал биргелешкен кызматташууда ӨКМдин адистерин тоодо куткарууга, издөө иштерине окутуу жана түрк куткаруучулары менен тажрыйба алмашууга жол ачууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташтыктын, биргелешип иш алпаруунун өзгөчөлүктөрүнө токтолду.


Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу ӨК министри Бообек Ажикеевге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Түркиянын Ички иштер министрлигине караштуу Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар департаментинин (AFAD) ортосундагы тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты өнүктүрүүнүн, чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн