Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган "Сапат" билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инандынын уурдалышы боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу "Кактус.медиа" редакциясы кабарлады.
Анын айтымында, Түркия Инанданы экстрадициялоону үч жыл мурун талап кылган.
"Ал Түркиянын улуттук чалгындоо кызматы тарабынан чет өлкөдө жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында кармалган. Менин оюмча, "уурдоо" деген туура эмес сөз. Туурасы аны кармоо жана жоопко тартуу. Бул жерде Кыргызстандын эгемендигине доо кеткен жок», - деди элчи.
❗Доган ФЕТӨ уюмунун мүчөлөрү (Түркияда гана террористтик деп таанылган) Кыргызстанда иштейт, ал эми NT Office (NT Kitap Kırtasiye) же Vefa соода борбору каржылайт деп билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн