Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 03:15
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Түркиянын ТИМи шайлоону ийгиликтүү жана таза өтүшү менен куттуктады

11.01.2021 11:19
539
Түркиянын ТИМи шайлоону ийгиликтүү жана таза өтүшү менен куттуктады


Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды президенттик шайлоо жана референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда болуп өткөн мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум тынчтык жана бейпилдик абалында өткөндүгүн кубануу менен кабыл алдык. Болуп өткөн президенттик шайлоонун жана референдумдун жыйынтыктары дос жана боордош Кыргызстанга кут алып келсин», - деп айтылат Түркия ТИМинин маалыматында.

Түркия Кыргызстанда жалпы камтылган жана социалдык консенсустун негизинде демократиялык процессин аягына чыгаруу багытында кабыл алынган кадамдарды колдойт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн