Бугу 07, 2024
Убакыт: 01:46
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Түркиянын коргоо министри Кыргызстандан кийин Тажикстанга барды

01.07.2021 09:07
912
Түркиянын коргоо министри Кыргызстандан кийин Тажикстанга барды


фКыргызстанга болгон иш сапарынан кийин Түркиянын Коргоо министри Хулуси Акар коңшу Тажикстанга жөнөп кетти. Бул тууралуу  "Анадолу" агенттиги билдирди.


"Анкара Дүйшөмбү менен коргонуу, коопсуздук жана коргонуу өнөр жайы жаатында кызматташууну тереңдетүүгө даяр", - деди Түркиянын Коргоо министрлигинин башчысы Дүйшөмбү шаарында тажик кесиптеши Шерали Мирзо менен сүйлөшүүлөр баштала электе.


Акар ошондой эле Түркиянын Тажикстан менен чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана терроризмге каршы күрөшүү тажрыйбасын бөлүшүүгө даяр экендигин билдирди.


Ошондой эле ал эки өлкөнүн ортосундагы "FETÖ террордук уюму менен күрөшүүдө конструктивдүү кызматташуунун" маанилүүлүгүн баса белгиледи.


Өз кезегинде Шерали Мирзо Түркия менен Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Министр Түркия менен Тажикстан эл аралык жана регионалдык структуралардын алкагында ийгиликтүү өз ара аракеттенүүнү түзүшкөнүн белгиледи.


Ошондой эле ал эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык, аймактык туруктуулукту камсыз кылууну жана терроризмге каршы турууну камтый тургандыгын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн