Кечээ, 28-июнда Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын коргоо ведомстволорунун ортосунда жетишилген келишимдерге ылайык, Түркиянын Улуттук коргоо министри Хулуси Акар баштаган аскер делегациясы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, ТРнын Улуттук коргоо министринин расмий иш сапарынын алкагында КР Коргоо министри, генерал-майор Таалайбек Өмүралиев менен эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылууда. Анда эки өлкөнүн коргоо мекемелеринин аскедик, аскердик-техникалык кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги талкууланмакчы.
Ошондой эле аскер делегациянын "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексине жана Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине баруусу каралган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн