Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 02:32
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Түркиянын муфтийи Өзгөндөгү мечиттин ачылышына катышты

22.10.2021 14:33
1110
Түркиянын муфтийи Өзгөндөгү мечиттин ачылышына катышты

Бүгүн Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Түркия Диянет Фонду тарабынан байыркы Өзгөн шаарында курулган атактуу ислам аалымы имам ас-Сарахси мечит комплексинин расмий ачылышы болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева билдирди.


Мечиттин ачылыш аземине Түркия Республикасынын Диянет иштеринин башкармалыгынын башчысы профессор, доктор Али Эрбаш да катышты. Жогорку Кеңештин атынан ыраазычылык каттар тапшырылды. 


2021-жылдын 17-сентябрында "Өзгөн-Мунара-2021" этно-фольклордук фестивалында имам ас-Сарахсинин эмгектерин которгон түрк окумуштуусу профессор, доктор Мустафа Жеват Акшит Кыргыз Республикасынын президентине имам Сарахсинин адамзатынын баалуулуктары жана дүйнө таанымы тууралуу түрк тилине которулган «Аль-Мабсут» аталыштагы 31 томдук эмгегин белек кылган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн