Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 09:42
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Түркиянын тышкы иштер министри Чавушоглу Кыргызстанга келет

09.03.2021 14:14
462
Түркиянын тышкы иштер министри Чавушоглу Кыргызстанга келет

Кыргызстанга Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу иш сапары менен келет. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Сапардын алкагында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жана Биргелешкен Стратегиялык пландаштыруу тобунун 4-жыйыны болот. Ошондой эле, М.Чавушоглунун Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушуулары пландаштырылган.


Алдыдагы жолугушуулардын жана сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий-соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча буга чейин жетишилген келишимдерге, кыргыз-түрк мамилелерине тиешелүү маселелерди талкуулоо пландаштырылууда.


Түрк Кеңешинин алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана ушул эл аралык уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болот.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн