Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 11:09
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Түркиянын юстиция министри Ыйык София музейин мечит кылыш керек деп жатат

17.06.2020 11:42
1182
Түркиянын юстиция министри Ыйык София музейин мечит кылыш керек деп жатат


Түркиянын юстиция министри Абдулхамит Гүл Стамбулдагы музей статусундагы Ыйык София соборун мечитке айландыруу керек деп “Анадолу” агенттигине берген интервьюсунда билдирди. Айтымында, Султан Мехметтин каалоосу ушундай болгон.


Министр Ыйык Софиянын келечек тагдырын июль айынын башында өлкөнүн Мамлекеттик кеңеши карай тургандыгын эскертти.


Ушул жылдын 29-майында сөз болуп жаткан собордо Константинополдун кулашынын кезектеги жылдыгына байланыштуу Куран окулган жана бир аптадан кийин Президент Режеп Тайип Эрдоган өлкөнүн бийлик партиясына Софияны мечитке айландыруу мүмкүнчүлүгүн изилдеп көрүүнү тапшырган.


Ыйык София соборуна музей статусу 1934-жылы Түркиянын биринчи президенти Мустафа Кемаль Ататүрктүн чечими боюнча ыйгарылган. 1985-жылдан тарта ал ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.


Бул жаңылыкка карата Орус православ чиркөөсү Ыйык Софиянын музей статусу өзгөртүлүп, мечитке айландырылбайт деген ишеничин билдирди.


Эске салсак, учурда Стамбул шаарынын Султан Ахмет районунда жайгашкан собордун расмий аталышы учурда Айя София музейи катары таанымал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн