2014-жылдын 10-апрелинде Бишкекте «КыргызгазПром» ЖЧКсынын уставдык капиталындагы 100% үлүшүн россиялык «Газпром» ААКсына сатуу (өткөрүп берүү) келишимине кол коюлган. Келишимге Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда «Газпром» башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер жана «КыргызгазПромдун» башкы директору Тургунбек Кулмурзаев кол коюшкан. «КыргызгазПром» Кыргызстанга жаратылыш газынын эксклюзивдүү импортеру жана республиканын газ жеткирүү жана газ бөлүштүрүү системасынын ээси болуп саналган. «КыргызгазПром» символикалык 1 АКШ долларына сатылгандан кийин ал «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы болуп өзгөргөн. Россиялык «Газпром» Кыргызстандын газ инфраструктурасын модернизациялоо жана реконструкциялоого 600 млн доллар инвестиция салуу ниети бар. «Газпромдун» сайтындагы маалыматтар боюнча «КыргызгазПромдун» мүлктүк комплексине 700 кмдан ашуун магистралдык жана 2300 кмнын тегерегинде бөлүштүрүүчү газ түтүктөрү, 266 газ бөлүштүрүүчү пунктар кирген.
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 28-июнунда Түркмөнстанга жасаган расмий сапарында түркмөн газын күзгү-кышкы мезгилде Кыргызстанга алуу боюнча макулдашуу жетишилди. Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедов түркмөн тарап Кыргызстандын бардык керектөөлөрүн камсыздоого жана газ менен электр энергиясын КРга жеткирүүнүн техникалык, уюштуруучулук жана башка параметрлерин ийне-жибине чейин талкуулоого даяр экенин билдирди. Түркмөнстандын президенти «Биз бул маселелерге даяр экендигибиз боюнча өзүмдүн саясий эркимди дагы бир жолу баса белгилегим келет», - деди. Кыргызстан жана Түркмөнстандын энергетика сферасында тыгыз кызматташтыгы боюнча эки президенттин саясий эрки бирдей жана бекем аныкталды. Түркмөн газын Кыргызстанга жеткирүүнүн бирден-бир негизги маанилүү маселеси, аны коңшулаш Өзбекстан жана Казакстандын территориясы аркылуу күзгү-кышкы мезгилде жеткирүү болуп саналат.
«Газпром» 2019-жылдын 3-июнунда «Түркмөнгаз» мамлекеттик концернинен жаратылыш газын сатып алууга 2024-жылдын 30-июнуна чейин беш жылдык контрактка кол койгон.
Келишимге ылайык, Түркмөнстандан алына турган газдын жалпы көлөмү жылына 5,5 млрд куб. м болот. 2019-жылы Россия Түркмөнстандан импорттолгон газга 300 млн доллардын тегерегинде акча төлөгөн. Бул тууралуу 2020-жылдын 10-июнунда Россиянын элчиси Александр Блохин контрактын финансылык деталдарын ачуу менен билдиргенин Reuters жазган. 2019-жылы «Газпром» Россияга 3,95 млрд куб метр газ жеткирген. Элчи Блохин айткан суммага таянсак, Россия түркмөн газына 1000 куб метрине 76 доллардан төлөгөн болот. 2020-жылы май айында Россия Түркмөнстандан 2019-жылы 300 миллион долларга газ сатып алышканын жарыялаган. Бул «Газпром» Түркмөнстандан алган жаратылыш газы нын миң куб метрине 76 доллардын тегерегинде төлөгөнүн билдирет. Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстандан жаратылыш газы Кытайга Орто Азия-Кытай газ түтүгүнүн 1833-километринен жөнөтүлөт. Газ түтүгү жылына 55 миллиард куб метр газды жеткире алат. Бүгүнкү күндө Түркмөнстан өзүнүн газын Кытай жана Россияга гана экспорттойт. Кытайдын бажы статистикасына таянуу менен Интерфакс 2020-жылдын 13-июлунда Түркмөнстан 2019-жылы Кытайга 31,2 млрд куб метр газ экспорттоду деп жазган. Кытай Өзбекстандан газ сатып алууну 36 пайызга, ал эми Казакстандан сатып алууну 21 пайызка кыскартты. Өзбекстан сатуучудан «Газпромдун» сатып алуучусуна айланды. Бул тууралуу «Интерфакс» билдирди. 2020-жылдан тарта «Газпром» Өзбекстанга түркмөн газын жеткире баштады: 2020-жылы 0,9 млрд куб метр жеткирилген, ал эми 2021-жылдын биринчи кварталында эле 1,5 млрд куб жеткирилген. Кызыгы, 2021-жылдын биринчи кварталында Өзбекстан өз Кытайга экспорттой ала турганынан (0,54 млрд куб метр) үч эсе кп түркмөн газын сатып алган деп белгилейт «Интерфакс».
Өзбекстанда газ керектөөнүн чоң өсүшү байкалууда. Ошондуктан газды экспорттоо кыскарып, мамлекет аны өздөрүнүн жеке керектөөлөрүнө бурууда. Россиялык «Газпром» жаратылыш газын планетанын каалаган жерине жеткирүүгө өтө чоң мүмкүнчүлүгү бар.
Ал Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстанда жеке магистралдык газ түтүктөрүнө ээ. «Газпром Кыргызстан» да Кыргызстандын чек арасынын жанында Казакстандын территориясы аркылуу өткөн эл аралык Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан, Кытай магистралдык газ түтүгүн колдоно алат. Бул газ маршруту Кыргызстанга кошумча 1 миллиард куб түркмөн газын жеткирүүгө мүмкүндүк берет. КРнын мурдагы өкмөтү 2030-жылга чейин жаратылыш газынын импортун 1 млрд кубга чейин көбөйтүүнү пландаган. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын керектөөсү 390 млн куб. Албетте, КР мамлекет башчысынын жаратылыш газынын баасын төмөндөтүү жана ташып келүүнүн көлөмүн көбөйтүү ниети жана каалоосу түшүнүктүү. Бирок, Кыргызстанга жаратылыш газын ташып келүү үчүн газ чарбасынын жалгыз ээси жана монополисти «Газпром» болуп саналат. Россиянын «Газпрому» баанын төмөндөтүү үчүн ташып келүүгө атаандашты каалайбы? Түркмөнстандан жаратылыш газын импорттоо мүмкүн, россиялык газ компаниясынын макулдугу менен. Бул маанилүү стратегиялык маселе РФ жана КР президенттеринин деңгээлинде чечилиши керек.
Көз карандысыз эксперт Р. Умбеталиев.
Акипресс-пикирден котормо
Пикирлер (1)