Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 10:38
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Түркмөн лидери бийликти уулуна өткөрүп береби?

20.09.2021 19:54
2031
Түркмөн лидери бийликти уулуна өткөрүп береби?


Алдыда Түркмөнстанда бир нече маанилүү окуялар күтүлүүдө. Алардын баары биригип, чоң жаңылыктын булагы болуп калышы мүмкүн.

27-сентябрда Түркмөнстан Эгемендүүлүк күнүн майрамдайт. Бул датага байланыштуу - Элдик жыйын (Халк маслахаты) чогулат. Элдик жыйындын ролу өтө деле сезилерлик эмес, ошентсе дагы жогорку мыйзам чыгаруучу орган.

Мунун алдында, 22-сентябрда Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов 40 жашка толот. Көп учурда көз жаздымда калган өлкөнүн Конституциясына ылайык, бул курак жогорку мамлекеттик кызматка талапкерлер үчүн минималдуу деп саналат.

Албетте, мындай дал келүү ар кандай ойлорго түртөт. Анткени Сердарды көптөн бери атасынын ордун басканга даярдап келишет эмеспи.

Бердымухамедовдун уулу 2014-жылы августта университетти бүтүп, 2016-жылы ноябрда кезексиз өткөн шайлоодо парламентке келди. Шайлоонун өткөнү бийлик “Сердар Бердымухамедов депутат болду” деп жарыялагандан кийин гана билинди. Кийинчерээк Сердар ордун ээлеген депутат шайлоонун алдында өз эрки менен мандатын тапшырып кеткени белгилүү болду.

Кенже Бердымухамедов ошондон бери депутат болуп жүрөт. Андан сырткары вице-премьердин кызматында. Жалпысынан алганда, 2018-жылы парламентке кайра шайлангандан кийин президенттин уулу кайсы кызматтарда болгонун санап олтуруу дагы оңой иш эмес. Ал тышкы иштер министринин орун басары, губернатордун орун басары, губернатор, өнөр жай жана курулуш министри, Министрлер кабинетинин орун басары, Жогорку көзөмөл палатасынын төрагасы жана Коопсуздук кеңешинде да мүчө болуп турду.

Сердар Бердымухамедов түркмөн алабайынын жана ахалтеке жылкысын көбөйтүү боюнча бирикмелердин президенти. Бул жаныбарлар Түркмөнстанда символго айланып, керек болсо аларга арналып эстеликтер тургузулган.

Мамлекеттик ЖМКлар бир нече жылдан бери Сердар Бердымухамедовду көп чагылдырат. Жакында эле аны өлкөнүн бактысына жаралган киши катары жазышты.

Президенттин уулу жайында өткөн Токио Олимпиадасында түркмөн делегациясын жетектеп барды. Ошол эле маалда улуттук кураманын ардактуу машыктыруучусу аталды. Түркмөнстан эгемендик алгандан берки тарыхында биринчи олимпиадалык медалын утту. Оор атлетчи Полина Гурьева күмүш медалды жеңип алган. Мамлекеттик ЖМКлар бул жеңишке кайсы бир деңгээлде Бердымухамедовдун кичүүсүнүн таасири болгонун жазышты.

Түркмөнстан делегациясы кайтып келгенден кийин мамлекеттик телеканал Бердымухамедовдор күмүш медалды уткан спортчуга Lexus үлгүсүндөгү автоунааны тапшырып жатканын түз көрсөттү.

Бардык жерде Сердар

Сердар Бердымухамедов акыркы мезгилде мамлекеттик телеканалдардан көп көрсөтүлүүдө. Бир жерде спортчуларга жана өнөр адамдарына сыйлык берип жатса, башка кадрда мектепке барганы, балдар менен баарлашып турганын көрүүгө болот.

Бийликти “мураскерге” өткөрүү тууралуу айтылгандардын баары жөн гана божомол. Буга акыркы мезгилде "президенттин саламаттыгы жакшы эмес" деген имиштер себеп болду. Президенттердин саламаттыгы тууралуу имиштер Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүнө мүнөздүү. Көп учурда мунун артында элдин деспотизмден кутулуу үмүтү жатат десе болот.

Президент Бердымухамедов диабет менен ооруйт. 2019-жылы жайында анын коомчулуктун көзүнө түшпөй, жок болуп кеткени анын саламаттыгы боюнча талкууларга себеп болду. Ошентсе дагы анын спорт менен машыгып, велосипед тээп жүргөнү байма-бай көрсөтүлөт.

Сердар Бердымухамедовду ачык эле жогорку кызматка сүрөп жатышат. Маселе ал качан, кантип ишке ашарында. Ошондуктан Элдик жыйын (Халк маслахаты) Эгемендик күнүндө чогулаары өзгөчө кызугууну жаратты. Эгемендик майрамында Элдик жыйын чогулууга милдеттүү эмес. Мына ушундан улам бул жерде бир аз интрига бар.

Адатта Түркмөнстанда маанилүү чечимдер Элдик жыйында жарыяланат. Дал ушул жыйында Сапармурат Ниязовго өмүр бою президент болууга мүмкүнчүлүк беришкен. Ниязовдун демилгеси менен апта жана айлардын аталыштарын өзгөртүшкөн. Элдик жыйын Ниязовдун көзү өткөндөн кийин Конституция боюнча бийликти колго ала турган парламент төрагасы Овезгелди Атаевди кызматтан алган.

Президент Бердымухамедов Элдик жыйынды 2008-жылы таратып жиберип, 2017-жылы жогорку мыйзам чыгаруу органы макамын берди. 2018-жылы Элдик жыйын Эгемендик күнүн 27-октябрдан 27-сентябрга жылдырган.


Брюс Панниер

Булак: Азаттык үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн