Бугу 12, 2024
Убакыт: 03:41
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Түркмөнстан COVID-19 боюнча Борбор Азиядагы эң коркунучтуу өлкө

10.06.2020 15:49
1126
Түркмөнстан COVID-19 боюнча Борбор Азиядагы эң коркунучтуу өлкө


Deep knowledge group рейтингине ылайык, COVID-19 жок деп танып жаткан Түркмөнстандагы эпидемиологиялык кырдаал Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында эң коркунучтуу деп табылды.


Бул аймактагы өлкөлөр арасынан коронавирустун жайылышы боюнча дүйнөлүк тизмеде Казакстан – 71, Кыргызстан – 108, Өзбекстан – 121, Тажикстан – 124, Түркмөнстан – 134-орунду ээледи.


Коронавирус пандемиясынын фонунда эпидемиологиялык жагдайы эн коопсуз делген өлкөлөрдүн катарына Швейцария, Германия, Израиль, Сингапур жана Япония кирди. 200 өлкөдөн турган рейтингдин акыркы орундарын Либерия, Афганистан, Чад, Мали, Руанда жана Түштүк Судан ээлешти.


Кошумчаласак, Түркмөнстандын бийлиги COVID-19 боюнча жагдай менен таанышууну максат кылган Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттик миссиясын өлкөгө киргизбей жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн