Түркмөнстанда мамлекеттик кызматкерлер чачын кырдырууга милдеттендирилди. Бул тууралуу түркмөн басылмалары билдирди.
Маалым болгондой, мындай аракет президент Гурбангулы Бердимухамедовдун атасынын каза болгондугуна байланыштуу кабыл алынган. Ага ылайык, мамлекеттик кызматкерлер аза күтүү катары чачтарын кырдырып, улуттук баш кийим кийип жүрүүгө милдеттендирилет.
Эске салсак, Бердимухамедовдун атасы 88 жашында 18-апрелде каза болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн