Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:36
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Түркмөнстанда беткап режимин сактабагандар пахта теримге жөнөтүлүүдө

01.09.2020 15:43
967
Түркмөнстанда беткап режимин сактабагандар пахта теримге жөнөтүлүүдө

Түркмөнстандын Мары облусунда беткап режимин сактабагандыгы үчүн кармалып, бирок айып пул төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок жарандар пахта теримге жөнөтүлүүдө. 

Маалым болгондой, 30-августта Байрамали шаарынан 30га жакын киши Каракум районундагы пахта талааларына жөнөтүлгөн.  Алардын баары беткап тагынбагандарды аныктоо боюнча полициянын рейди учурунда кармалып, мыйзамда каралган өлчөмдө айып пул төлөй алышкан эмес.

Аталган өлкөдө беткап режимин сактабагандарды мажбурлап пахта талааларына жөнөтүү «тартиби» 29-августта киргизилген. Мыйзам бузган жарандардын алгачкылары пахта теримге 30-августта жөнөтүлгөн.

Өткөн жума күнү Мары облусунда полиция беткап тагынбагандарды аныктоо рейддерин күчөткөнү кабарланган. Режимди сактабагандар полиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, 60 манаттан (17 доллар) айып пул төлөй албагандар пахта талааларына жөнөтүлө баштаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн