Түркмөн чиновниктерине чет өлкөлүк паспортторун Миграциялык кызматка убактылуу сактоо үчүн тапшыруу милдеттендирилди. Өткөн аптада чиновниктерге чет өлкөгө чыгуучу паспортторун үч күн аралыгында Миграциялык кызматка тапшыруу боюнча көрсөтмө берилгендигин “Хроники Туркменистана” маалымдады.
Эске салсак, “Түркмөн аба жолдору” компаниясы эл аралык учууларын 16-июндан 20-июлга чейин токтотту. Ал эми “Гундогар” басылмасы эл аралык каттамдар 1-сентябрдан эрте ачылбайт, деп билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн