Бугу 12, 2024
Убакыт: 07:54
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Түркмөнстанда пневмониядан өлгөндөрдү моргго ташып жетишпей жатат

22.07.2020 09:55
997
Түркмөнстанда пневмониядан өлгөндөрдү моргго ташып жетишпей жатат


Түркмөнстанда жугуштуу оорулардын тарашын алдын алуу үчүн чектөөлөр киргизилип жатат. Эми эл көп топтолгон жерлерде 2 метр аралык сакталышы керек, деп жазды жергиликтүү «Ориент» басылмасы.


Малыматка караганда, 1-августка чейин ири соода борборлору жана базарлар санитардык тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн жабылды. Ошондой эле көрсөтүлгөн убакытта кинотеатр, театр, парк, оюн аттракциондору, музей, сулуулук салон, чач тарач, мончо, тигүү ательелери, спорттук объекттер, оюн борборлору жабык болот. Ресторан, кафе, бар, ашкана жана чайканалар дагы иштебейт. 


Өлкө жетекчилиги Түркмөнстанда коронавирус жуктургандар бар экенин мойнуна ала элек. Буга чейин темир жол каттамы жабылганы маалым болгон. Ошондой эле мечиттер жабылып, жашоочуларга бет кап тагынуу сунушталган.


Ал эми Азатлыктын Түркмөнстандагы кабарчысынын жана жергиликтүү тургундардын айтымында, борбордун ооруканаларында күн сайын ондогон адамдар өлүп жатат. 


Ооруканадан дарыланып чыккан Ашхабаддын жашоочусу билдиргендей, учурда медициналык мекемелер бейтаптарга толуп, абал оор болууда. 


"№1 шаардык ооруканага бейтаптарга толуп калды. Ал жака COVID-19 менен ооруган адамдарды кабыл алып жатышат. Аларга пневмония деген диагноз коюлууда. Бул ооруканада күн сайын орто эсеп менен 50дөй адам каза болуп жатат. Реанимация бөлүмүндө каза болгон адамдардын сөөгүн моргго алып кетүүгө жетишпей жатышат", - деп билдирген ал Азатлыктын кабарчысына. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн