Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедовду президенттикке талапкер катары каттады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары билдирди.
Маалым болгондой, 12-мартта мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого башка талапкерлер каттала элек.
Эске салсак, 13-февралда Гурбангулы Бердымухамедов кезексиз президенттик шайлоо өткөрүү тапшырмасын берген. Ал эми кезектеги президенттик шайлоо 2024-жылга дайындалган болчу.
.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн