Бугу 11, 2024
Убакыт: 20:46
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Түркмөнстандын айрым шаарларында азык-түлүк карточкасы киргизилди

10.06.2020 15:09
898
Түркмөнстандын айрым шаарларында азык-түлүк карточкасы киргизилди


Балкан велаятынын башка шаарларындагыдай эле Түркмөнбашы калаасынын мамлекеттик дүкөндөрүндө арзандатылган базалык азык-түлүктөргө карточка системасы киргизилди деп маалымдады turkmen.news басылмасы.


Мамлекет тарабынан арзандатылган азыктардын катарына тоок эти, биринчи сорттогу ун, “Ахал” маркасындагы пахта жана күн карама майы кирет.


Бул азыктарды базарлардан деле сатып алууга болот, бирок баалары эки эсе кымбат деп айтылат маалыматта. Түркмөнстанда акыркы бир нече жылдан бери азык-түлүк кризиси байкалууда.


Кошумчаласак, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Аниониу Гутерриш учурда дүйнө калкын акыркы 50 жылдагы эң ири азык-түлүк кризиси күтүүдө деп билдиргендигин The Guardian гезити маалымдады. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн