Түркмөнстандын Мары жана Лебап велаяттарына караштуу бир катар кыштактарды суу каптады деп кабарлады “Азатлык” радиосу. Өткөн жума күнү Каракум каналынын суусу жээктеринен чыгып, жакын жайгашкан кыштактарды каптады жана олуттуу зыяндарды келтирди. Мисалы, Ничка кыштагында 50-60 үй суу алдында калды. Суу каптоодон жабыр тарткан кыштактардын калкына мамлекет тарабынан жардамдар көрсөтүлө элек.
Түркмөнстанда бул кырсыктар тууралуу мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында маалымат берилген жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн