Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 16:54
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Түркмөнстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналып 30 млн дарак отургузулат

15.02.2021 12:39
546
Түркмөнстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналып 30 млн дарак отургузулат

 Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов министрлер кабинетинин кеңейтилген жыйынында 2021-жылдын 27-сентябрында майрамдала турган Түркмөнстандын көз карандысыздыгынын отуз жылдыгына чейин отуз миллион дарак отургузуу жөнүндө жарлыкка кол койду.


Документке ылайык, министрликтер, тармактык ведомстволор жана Түркмөнстандын борборунун администрациясы тарабынан жалбырактуу, ийне жалбырактуу, мөмөлүү дарактардын, ошондой эле жүзүмдүн он миллион көчөтү отургузулат. Аймактык (велаят) администрациялар жыйырма миллион көчөт отургузушат.


Жүзүм көчөттөрүн жана үч жылдык бак-дарактардын көчөттөрүн жетиштүү өлчөмдө камсыз кылуу, ошондой эле өсүмдүктөрдүн отургузулушун жана багылышын көзөмөлдөө Айыл чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлигине жүктөлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн