Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 18:20
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Түркмөнстандын президенти уулун вице-премьер-министр кылып дайындады

12.02.2021 10:56
567
Түркмөнстандын президенти уулун вице-премьер-министр кылып дайындады

 Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов уулу Сердар Бердымухамедовду вице-премьер-министр кылып дайындады. Буга чейин ал Өнөр жай жана курулуш өндүрүшү министри болуп иштеген. Бул тууралуу Борбордук Азия жазып чыкты.


Өлкөнүн президенти Өкмөткө министрлер кабинетинин төрагасынын дагы бир орун басарынын кызматын киргизди.

Мамлекет башчысы Сердар Бердимухамедовду ушул кызматка дайындап, аны Өнөр жай жана курулуш өндүрүшү министри кызматынан бошотту.


Жаңы вице-премьер-министр ошондой эле санариптештирүү жана инновациялык технологияларды мамлекеттик башкаруу тутумуна, каржы-экономикалык секторго жана социалдык чөйрөгө киргизүүгө жооптуу болот.


Жаңы кызматтын статусу жөнүндө президенттин жарлыгына ылайык, министрлер кабинетинде көзөмөлдөө департаменти түзүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн