Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 22:27
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Түркмөнстанда ооруканаларга бейтаптар батпай жатса да, коронавирусту четке кагып келет

19.01.2021 10:20
620
Түркмөнстанда ооруканаларга бейтаптар батпай жатса да, коронавирусту четке кагып келет

Ашхабадда ооруканаларда орун жетишпей, бейтаптардын саны кескин өсүүдө. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы өз булактарына таянуу менен билдирди.


Мындан тышкары COVID-19дун белгилери байкалып, бирок ооруканага жатуудан баш тарткан кишилерге карата көрүлө турган чаралар жумшартылды.


Түркмөнстанда COVID-19 менен ооругандардын жана өлгөндөрдүн саны көбөйүп жатканына карабай, бийлик өлкөдө коронавирус жок экенин билдирип келет. Расмий Ашхабад бүгүнкү күнгө чейин COVID-19ду аныктоо үчүн тапшырылган анализдердин үлгүлөрүн Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун  лабораторияларына жөнөтө элек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн