Эквадордогу үч түрмөдөгү башаламандыкта курман болгон туткундардын саны 67ге жетти. Бул тууралуу "Анадолу" агенттиги жазды.
Маалы болгондой, башаламандыктар баңги сатуучулардын согушкан топторунун күрөшүнөн улам келип чыккан.
Гуаякиль, Куэнка жана Латакунгадагы түрмөлөрдөгү башаламандыктар бир учурда башталган деп айтылууда.
Социалдык тармактардагы видеолордо соттолгондордун башы кесилген денелери көрсөтүлгөн.
Президент Ленин Моренонун айтымында, күч органдары түрмөлөргө көзөмөлдү кайтарып алууга аракет кылып жатышат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн