Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:58
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Түрмөдөн качкан 2 жарандын бири өлтүрүлдү

26.05.2021 10:20
1358
Түрмөдөн качкан 2 жарандын бири өлтүрүлдү

Молдовановка айылындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №27 мекемесинен 25-майдан 26-майга караган түнү саат 02:40та соттолгондор 58 жаштагы Т.Т. жана 22 жаштагы К.И. башкы тосмо аркылуу качууга аракет кылышкан.


ЖАМК басма сөз кызматы билдиргендей, Түзөтүү мекемелерин коргоо жана камакта жаткан соттолгондорду коштоп жүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери кыраакылыгын көрсөтүшүп, качууга аракет кылгандарды чектелген акмактан таап, эскертүү ирээтиде абага ок чыгарышкан. Андан кийин атууну башташып, анын натыйжасында бири каза болуп, экинчиси кармалды.

Кармалгандар өзгөчө оор кылмыштары (адам өлтүрүү, жашы жете электи зордуктоо) үчүн жаза өтөп жатышкан. Качкындар 10 жана 21 жылга эркинен ажыратылгандар болгон.

Ыкчам-тергөө тобу качуу аракети боюнча иликтөөнү баштады. Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн