- Турсунбек мырза, башта мамлекеттик катчы институту бар эле. Ал институт 2010-жылы жоюлуп кеткен. Эмне үчүн жаңы Конституцияга мамлекеттик катчы институтун киргиздиңер? Бюджетте таңкыстык болуп турган учурда бул кызматты калыбына келтирүүнүн зарылчылыгы бар беле?
- Мамлекеттик катчы институтун Конституцияга киргизгенибиздин эң негизги максаттарынын бири – кыргыз идеологиясын аныктоо, кыргыз мамлекети кайсы багытты тандашы керектигин табуу болду. Эң негизгиси, мамлекеттик катчылык институту улуттук идеянын негизинде концепция иштеп чыгып, искусство, опера-балет, адабият, театр тармактарын бириктирип, баштагы калыбына келтирип, мамлекетти туура жолго салган идеологияны табышы керек. Анткени, кыргыздын идеологиясы мына ушул тармактар менен киндиктеш. Мигранттар, социалдык жана маданий көйгөйлөр, руханий дөөлөттөр боюнча концепция иштеп чыгып, элди Ленин сыяктуу алдыга үндөшү керек. Ошондой эле бул институттун айланасына түрдүү тармактын ийне-жибине чейин билген адамдар топтолуп, түрдүү топторду түзүп, чоң күчкө айлантыш керек. Ошон үчүн мамлекеттик катчылык кызматты аркалаган инсан илимпоз, академиктердин башын бириктирген, күчтүү личностторду чогулта алган, уюштуруучулук касиети бар адам болушу шарт. Ошондой эле мамлекеттик катчы деген президенттен кийинки төбөсү көрүнгөн, кыргыздын өзүнүн жүзүн сактай турган кызмат. Ошон үчүн бул кызматка татыктуусун тандашыбыз керек.
- Мамлекеттик катчылык кызматка кимдер татыктуу?
- Мамлекеттик катчылык кызматка Кыргызстанда татыктуу адамдар жетиштүү. Бул кызматка келе тургандар мамлекеттик чоң кызматтарда иштеген, тажрыйбасы жогору, канчалаган тепкичтерди басып өткөн, түрдүү идеологиялык документтерди иштеп чыгууга катышкан, бийликтин табиятын түшүнгөн, далай талаш-тартыштарды баштан өткөргөн, улуттук идеологияны туу туткан, улуттук менталитетти жакшы билген инсандар болушу керек. Тагыраагы, бул кызматка ким татыктуу экенин элдин баары эле билет. Бирок, бийлик аларды колдойбу, колдобойбу – ал башка маселе.
Мен алган маалыматтар боюнча, бул кызматка Каныбек Осмоналиев менен Сүйүнбек Касмамбетовдун талапкерлиги каралып жаткан. Экөөнүн тең тажрыйбасы жетиштүү болчу. Бирок, Сүйүнбек Касмамбетов президенттин аппаратына жетекчи болуп калды. Ал жакта дагы жакшы иштеп, президенттин ишинин илгерилешине салым кошуп, чоң иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруп, президенттин бутуна бут, колуна кол болуп, өзүнүн чоң тажрыйбасын иш жүзүндө көргөзүп келди. Ошондуктан ал кайрадан аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул жагын эске алсак, эми бул бараандуу кызматка Каныбек Осмоналиевдин дайындалышы күтүлүп жатат. Каныбек Осмоналиев бул кызматты татыктуу аркалап кетет деген чоң ишенимдемин. Анткени, бул киши кыйын учурларда дагы өз позициясынан тайбаган, көз карашын сатпаган, адилетсиздикке каршы турган адам. Канча деген каралаган соттошууларды башынан өткөрсө да, камалса да, жүзүн сактап калып, кыйын учурларда Садыр Нургожоевичке жардам берди. Каныбек Осмоналиев катчы болуп калса, Кыргызстандагы коомдук саясый идеологиялык күчтөрдүн башын коштуруп, улуттук диалог уюштурган, эл менен бийликтин ортосундагы данакерлик миссияны аркалаган, улуттун улуулугун даңазалаган кыйын инсан болот...
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн