Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 10:37
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Турсунбек Акун: Жапаров менен Ташиевди көрө албагандар алардын достугуна доо кетиргиси келип жатат

27.07.2021 07:58
1312
Турсунбек Акун: Жапаров менен Ташиевди көрө албагандар алардын достугуна доо кетиргиси келип жатат



-Турсунбек агай, ТилекТоктогазиев Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров бийликти ич ара бөлүштүрө албай жатат дептир. Анын айткандарына ишенсек болобу?

-Азыркы кээ бир жаш саясатчылар саясатты терең түшүнбөстөн ушактын деңгээлиндеги сөздөрдү айтуу менен алек болуп калышты. Президент менен Камчыбек Ташиев азыр өтө чоң жоопкерчиликти алып иштеп жатат. 


Шайлоодо Президентти 80 пайыз эл колдоп берди. 

Эми ошол берилген ишенимди акташы керек. Ошон үчүн алар андай кадамга эч качан барышпайт. 

Чынында эл ишенген эки лидер чабышпай эле бир адамдай болуп иштеп жатышат. Президент болсо жалпы улуттук иштерди чечип жатса, Ташиев болсо коррупция менен күрөшүп, чек ара маселесин чечүү үчүн бардык аракеттерин жасап жатат. 


"Эки дос бийлик бөлүштүрө албай айланасындагылардын башын айлантып жатышат" деген жоопкерчилиги жок, чындыкка дал келбеген сөздөрдү айтканына жол болсун. 


Чынында айткан сөзүнө тура албаган жалган маалыматты таратып, элди дүрбөткөн саясатчы сөрөйлөрдүн сөздөрү стабилдүүлүккө зыянын тийгизиши мүмкүн. 

Ошондуктан мындай сөздөргө ишенүүгө негиз жок.


-Баса, эки достун бири саясаттан тез арада кетип калышы керек дегенине кандай комментарий бересиз?

 -Жапаров менен Ташиев куштун эки канатындай болушуп, көп жылдан бери саясатта чогуу келе жатышат. Алар оор учурларда да бир болушуп, кыйын кезеңде да ажырашкан эмес. Президент болсо эл тарабынан алты жылга шайланды. Анын кетүүгө укугу жок. Ал эми Ташиев эмнеге саясаттан кетиши керек? Эгер ал Президентти иштетпей, ага каршы болуп бут тосуп жатса, каршылык көрсөтсө, анда ушундай сөздөрдү айтса, туура түшүнмөкпүз. Чынында Ташиев болсо, бардык жагынан Президентти колдоп, колуна кол, бутуна бут болуп купулдоп иштеп жатса, ал эмнеге саясаттан кетиши керек.



- Айтмакчы айрым аналитиктер мындай сөздүн баарын Текебаев Тилек Токтогазиевдин оозу менен айттырып жатат деп болжоп жатышат го?


-Текебаевди колдогон жаш саясатчы сөрөйлөр азыр өйдө -ылдый сөздөрдү сүйлөп, Жапаров менен Ташиевдин ынтымагын көрө албай, көрө албастык кылып жатканы жакшы эмес. Ата-Мекен партиясындагы депутаттар дагы Жапаров менен Ташиевге каршы иштеп, алардын кемчилигин баса белгилешип, каршы иштегенге аракет кылып келишет. Жаш саясатчылар буга чейинки жетекчилердин жана саясатчылардын аркасы менен ушундай абалга келгенибизди эмне үчүн айтпай жатканы өкүнүчтүү. Жаш саясатчы сөрөйлөр чындыкты сүйлөшсө, элден колдоо табышат. 


Эгер иштеп жаткан жетекчилерге асылса, караласа эл тарабынан колдоо таба албай калышы мумкун.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн