Токио шаарында 1-августта кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы жарым финалда АКШлык балбан менен кез келген. Мелдеште акыркы талаштуу упай АКШ спортчусунун пайдасына чечилген. Бул боюнча Олимпиада оюндарына жакындан күбө болуп жаткан Мелис Турганбаев өз пикирин билдирди. Бул тууралуу Галина Байтерек Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
"Күрөштү 16 ракурстан камералар тартып турат. Айперинин мелдешиндеги талаштуу упайды эртең менен Олимпиада боюнча түзүлгөн калыстар карап чыкты. Ошондой эле башка талаштуу учурлар талкууланды" ,- деди Турганбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн