Бугу 15, 2024
Убакыт: 16:15
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Туруктуу өнүгүү үчүн саясатсыз экономика жана күчтүү кадрлар керек, - Экс-премьер-министр

16.06.2020 17:37
1066
Туруктуу өнүгүү үчүн саясатсыз экономика жана күчтүү кадрлар керек, - Экс-премьер-министр


Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 16-июнда өкмөттүн Аппаратынын эмгек жамааты менен жолугушууда биргелешкен иштин ар бир күнү жарандардын турмушун жакшыртууга жана экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртууга багытталгандыгын белгиледи.

 

«Социалдык-экономикалык маселелер топтолуп, ондогон жылдар бою чечилбей келген, аларды кыска убакытта чечүү мүмкүн эмес. Туруктуу өнүгүү үчүн өлкөдө коомдук-саясий туруктуулук, саясатсыз экономика, анын албетте, күчтүү кадрлар керек», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.



Мурдагы өкмөт башчы Кыргызстандын келечеги кең экенин да айтты. 


Мухаммедкалый Абылгазиев экономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу, жарандардын кызыкчылыгы, өсүп келе жаткан муунга камкордук көрүү – бардык рангдагы жетекчилердин ишинин негизи болууга тийиш экенин айтты.



«Реформаларга бүгүнкү күндө эч кандай альтернатива жок. Биз өлкөнүн бардык ресурстарын жана мүмкүнчүлүгүн экономикалык маселелерди чечүүгө гана жумшашыбыз керек. Системалуу өзгөрүүлөргө алып барган иштер уланарына ишенем», - деп сөзүн жыйынтыктады ал

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн