Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 07:13
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Туруктуу позициясы, мамлекетти өнүктүрүү багытындагы программасы жок саясий партиялар кандай парламентти курайт?

03.08.2020 11:35
1541
Туруктуу позициясы, мамлекетти өнүктүрүү багытындагы программасы жок саясий партиялар кандай парламентти курайт?

 

Парламенттик шайлоону утурлай 44 саясий партия стартка турганы белгилүү. Ал эми юстиция министрлигинен каттоодон өткөн жалпы саясий партиялардын саны 300дөн ашат. Алты миллион калкы бар мамлекет үчүн 300 саясий партия албетте ашыктык кылат. 44 партия деле көп. 


Чындай келгенде бизде бир дагы толук кандуу саясий партия жок. Бирөө дагы. Балким, мындай аныктамага айрым чейрек кылымдан бери жашап келаткан партиялардын лидерлери чычалап чыгышы мүмкүн. Тилекке каршы, ачуу чындык ушундай. 


Парламенттик шайлоонун алдында партиялардын курулушуна кызыгуулар көбөйөт. Депутат болгусу келгендер ар кайсыл партиялардын эшигин каккылап жүрмөйү көнүмүш адатка айланган. Натыйжада акчалуулар парламентке өтүү мүмкүнчүлүгү бар саясий уюмдардын алдыңкы тизмесинен орун алат. Анан беш жыл бою жер сабап «ушулардан тажадык» деп отурабыз. Кийинки чакырылышта баарын башынан баштайбыз дей беребиз. Улам беш жыл өткөрүп, баарын башынан баштап жүрө берсек, качан жана кантип өнүгөт элек? 


Көз карандысыздык алганыбызга отуз жылга чукулдады. Ачыгын айтканда адамдар эми мындан ары мамлекетибиздин өнүгүп кетерине көздөрү да жетпей баратат. Күтө берип чарчашты, бирок эмне кылышты да билишпейт. Мамлекетти башкарып жаткан элиталар да чарчаңкы, эмне кылаарын билбейт. Биттин ичегисине кан куйган бизнестен жана ар кандай шылуундук жолдор менен саясатка келгендер өлкө келечегин ойлонуп отурган жок, жөн гана өз чөнтөктөрүн кампайтып отурат. Ал үчүн ашыкча акылдын деле кереги жок. Сөздөрдү туура айтыш деле маанилүү эмес. 


Эмне кылыш керек? Саясий партиялардын ишин жандандыруу керек эле. Алардын эл менен карым-катышы бекемделиши зарыл болчу. Бирок, андай иштер жүрбөй калганына көп болду. Партия башчылары калк менен жолугушууларга барбай калды, өздөрүнүн долбоорлорун көрсөтүүдөн калышты. Эл менен партиялардын ортосунда тыгыз кызматташтык да, байланыш да жок. Болгону шайлоо алдында эле бир ай тынбай жолугушууларды уюштуруп коюшат, анан беш жылга чейин элди таанышпайт. Ошондон улам аларды саясий партиялар деп атоого да тил барбайт. Жөн гана кызыкчылыктары убактылуу биригип жаткандардын ийрими. 


Жаңыдан түзүлүп жатканда укмуштай убадаларын жаадырып, узак жылдык тарыхкка ээ болгулары келген партиялаштар азыраак эле кыйынчылык болсо бири-бирин таштай качып жатышканын көрүп жатабыз. Заматта эле ээн калган үйгө окшогон партиялар пайда болуп калууда. Демек, биздин өлкөдө саясий партиялардын курулушу өтө олуттуу кризиске кептелип турат. Чыныгы саясий партиялар пайда болмоюнча, чыныгы күчтүү парламентти эч качан курай албайбыз. 30 жылга чукул убакыт ичинде биз бир нече чыныгы саясий партияларды түзө алсак болмок. Алар кезек-кезеги менен бийликке келип, мамлекетти кризистен чыгарып кетишет эле. Андай болгон жок. Аталышы укмуш, бирок заты эптеп партиялар «туулуп», кайра «туна чөгүп» эле келет. 


Өлкөдө стабилдүү өнүгүү болушу үчүн кандай партиялар керек? Чыныгы  ачык максаттары жана милдеттери бар либералдуу, консервативдүү, социалисттик партиялар болушу керек. Азыр баары түшүнүксүз, кимиси либерал, кимиси социалдар экенин билбейсиң. 


Анан ушундай партиялардан кандай өнүгүүлөрдү күтүүгө болот? Чыныгы саясий партиялардын курамында туруктуу түрдө бекем принциби бар, элге эмгеги сиңген, кадыр-барктуу инсандар болушу шарт. Андай болбосо ал партиянын салмагы жок. Ошондой эле партия курамдарында реформаторлор, жаңыча көз караштагылар да арбын болушу маанилүү. Ошондо гана иш алдыга жылат, жаңы сунуш-демилгелер ишке аша баштайт. 


Саясаттагы элита толугу менен алмашуусу өтө маанилүү. Жок эле дегенде саясатты жеке финансылык кызыкчылыктарды жүзөгө ашыруу үчүн пайдалануу деген аракеттер толугу менен тыйылышы керек. Саясатта жаш курак, жынысы да, улуту да маанилүү эмес. Маанилүүсү - терең билим, реформаторлук жөндөм-шык. Бийликке олигархтардын келиши – бул демократияны муунтуу болуп гана саналат. Себеби, олигархия дайыма диктатурага, коррупцияга, мыйзамдарды жана адам укуктарын бузууга алып барат. 


Азыр көпчүлүк саясимй партиялардын тизмесин карасаң, алдыңкы катарда басымдуусу акчалуулар. Алардын кимиси кайсы бир министрлик кызматка барса жарытып иштеп берерине көзүң жетпейт. Ошондуктан саясий партиялар тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү талабы бар. Качанкыга чейин беш жылдык мөөнөткө «төрөлгөн» партиялардын курмандыгы болуп жүрөбүз?


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн