Бугу 14, 2024
Убакыт: 09:16
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Түштүк Американын пандемия жараткан кейиштүү абалы

18.04.2020 14:58
1133
Түштүк Американын пандемия жараткан кейиштүү абалы



Түштүк Америкадагы апокалипсис: коронавирустан каза тапкан адамдардын денеси жаткан көчөлөр, сөөктөргө толгон моргдор жана коррупцияланышкан өкмөттөр. Айрым чет элдик басылмалар Түштүк Америкадагы мына ушундай кейиштүү көрүнүштөрдү баяндашты.  

Бразилияда февраль айынын аяк ченинде коронавирустун биринчи учуру Сан-Паулу шаарында катталган. Ошол учурдан бери бардык аймактарга таралып, көптөгөн адам өлүмдөрү менен коштолуп жатат.

Эквадордун эң ири шаарларынын бири Гуаякилде 2,7 млн эл жашайт. Ал жакта өлгөн адамдардын сөөгү көчө боюнда жатканын көрсөткөн терс маанайдагы видео кадрлар тарады. Айрымдардын сөөгү кагаз кутуларга, фанер ящиктерине жана табытка салынган. Өлгөндөрдүн жакындары чыдай алгыз жыттан улам сөөктөрдү көчө боюна чыгарып жатышканын көрүүгө болот.

Дагы бир видо жаздыруудан коронавирустан өлгөн адамдын денесин өрттөп жаткан үй-бүлөнү көрүүгө болот. Көптөрү өлгөн денелерди өз алдынча моргго алып барып жатышат, бирок сөөктү жашыруучу конторалар иштин көптүгүнөн жетишпей жатканын байоого болот.


Атайын бөлүмдүн кызматкерлери кечке маал көчөдө жаткан өлүктөрдү чогултуп кетип турат. 771 адамдын сөөгү үйлөрүнөн алынып кетсе, 631 адамдын денеси ооруканадан алынып кеткен. Ошондуктан моргдо орундар толуп батпай калууда, деп айтты атайын бөлүмдүн командири Хорхе Ватед өзүнүн Твиттердеги баракчасына.

Гуаякиль шаарынын расмий бийлигинин маалыматы боюнча, Эквадордо 4 миң адам инфекцияны жуктуруп алган. Бейрасмий маалыматтар боюнча алардын саны 7,5 миң адам экени айтылууда.

Аскерлер калк колдоно турган бет каптардын партиясын кармап кетти

Катастрофиялык абал өлкөнүн башка аймактарында дагы пайда болду. NTV радиостанциясынын маалыматы боюнча, ооруканада эмгектенген 1,6 миң дарыгер, медицина кызматкерлери жуктуруп алган. Өкмөттүн чабалдыгынан жана коррупцияланышкандыгынан улам абал күчөп баратат. Мисалы, аскер кызматы документи жок алынып келген деген шек менен 40 миң бет капты кармап алган. Башында жергиликтүү эл вирустан качып, коңшу Перу мамлекетине качууга аракет кылышкан. Бирок чек аралар жабык эле. Ошондой эле башка мамлекеттер да менен чек аралар жабылган.

Кубадан жергиликтүү эл эч жакка кете албайт. Өзүн камоо (самоизоляция) режими Гаити, Панама, Колумбия, Сальвадор жана Гондураста киргизилген. Панамада өз учурунда көңүл бурулуп, жарандар бир күнгө бир жакка чыгууга тыюу салынган, ал эми дем алуу күнү үйдөн таптакыр чыкпоого тыюу салынган. Ал эми Мексикада өкмөт марттын аягында жарандарды социалдык байланыштан окчун болуу сунушун берди. Бул өлкөдө расмий маалымат боюнча, 4660 адам катталса, 300гө жакын адам көз жумду.  

Бразилиянын президенти вирустун коркунучтуулугун азайтып көрсөтүүдө – демек өлкө мунун азабын тартат

Бразилия Covid-19 пневманиясынын козгогучунан көбүрөөк жабыр тартып жатат. Worldometer интернет-парталынын маалыматы боюнча, 23 миңден ашык учур катталса, 1230 бейтап илдеттен көз жумду. Өлүмгө алып келген абалдын көбөйүшү өкмөттүн пандемияга жумшак мамиле жасаганы менен түшүндүрүлөт. Өлкө президенти Жаир Болсонару  ооруну ооздуктап калуунун ордуна көп учурда илдетти жеңил көрсөтүп койду.

Твиттер Болсонарунун эки твитин өчүрдү, а вирус элдин тамырына жетти

Бул жакта жарандык активисттер ийгиликке жетишти: Рио-де-Жанейро шаарындагы соттордун бири “Бразилияны токтотууга болбой” аталышындагы өкмөттүк компанияны үзгүлтүккө учуратты. Мындан тышкары ал өкмөттүн вирус тууралуу илимий негизден алыс болгон маалыматтарды таратууга тыюу салды.

Твиттер президенттин эки постун өчүрдү, себеби саламаттыкты сактоо органдарынын маалыматтарына карама каршы келген Фейсбук, Инстаграм жана Ютуб каналы да Болсонарунун постторун өчүрүп салды.

Акырындык менен илдет Бразилия элинин тамырына жетти. Масс-медиалар элдин жаш курактагы балдарына жетип, өспүрүм балдардын өлүмү катталып жатканын жазып чыгышты. 27 миң калкы бар яномама эли Бразилиянын түндүк бөлүгү жана Венесуэланын түштүк жагында жайгашып, калкы көп деп саналган Амазонияга карайт. Бул уруу мындан мурунку “кызамык” сыяктуу жугуштуу оорудан элдеринин 15 пайызынын өмүрү кыйылып кеткендиктен Covid-19 вирусунан да чочулап жатат.   

Аргентина бейтапканаларды куруп жатат, Чилиде элге бет кап кийүү милдеттендирилди

Латын Американын башка өлкөлөрүндө абал кайгылуу, бирок эпидемия менен үмүт үзбөстөн күрөшүп жатышат. Мисалы, Аргентинада расмий катталгандар 2208, каза тапкандар 95 адамды түзөт. Кыймылга болгон чектөө 23-апрелге чейин кирген. Ал эми президент Альберто Фернандес коронавирустан жабыркаган адамдарды шашылыш кабыл алуу үчүн 5 оорукана салууга буйрук берди. Чилиде болсо 7213 учур катталып, 80 адам өмүрүн алды. Өкмөт жарандарды бет кап кийүүгө милдеттендирип, кечки саат 22:00дөн 5:00гө чейин коменданттык саат киргизди.

Вирус венесуэль качкындарынын жөө кайтып келүүсүнө мажбур кылды

 

Мындай көрүнүш Колумбияда кайталанып жатат. Ал өлкөдө 2852 адам жугузуп, каза болгон адамдар 112ге чамалады. Бул жакка көптөгөн венесуэлалыктар өзүнүн өлкөсүндөгү жашоо шарттарга чыдай албай качып келишкен. Эми болсо Колумбияда кирген карантиндин айынан ишсиз калышты. Айрымдары батирлери үчүн төлөмдөрдү төгө албай, ачык асман алдында күн кечирүүгө туура келип жатат.

PROSUR өлкөлөрү кошумча коргонуу иш-чараларын уюштуруп жатышат

Түштүк Американы өнүктүрүү форумуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрү, тактап айтканда Аргентина, Бразилия, Боливия, Колумбия, Парагвай, Перу, Уругвай, Чили жана Эквадор бийлиги тыгыз кызматташуу тууралуу макулдашышты. Бул мамлекеттер өз чек араларын биргеликте жана ишенимдүү коргоп, элдердин аралашпоосун көзөмөлгө алмай болушту.   

Перунун Тышкы иштер министрлиги бул форумга мүчө мамлекеттер келечекте медикаменттерди жана медициналык каражаттарды бири биринен келишим баада сатып алуу ниеттери бар экенин билдирди. Мындан тышкары, өкмөттөр Латын Америкалык өнүктүрүү банкы сыяктуу каржылык институттар менен аймактардын экономикасын колдоо боюнча кызматташат.

Булак: inosmi.ru

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн