Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёл Россия президенти Владимир Путиндин сөздөрүнө жооп берди.
Чет элдик маалымат каражаттары билдиргендей, президент Сеул Украинага эч кандай курал-жарак бербегенин айтты.
27-октябрда "Валдай" клубунун жыйынында Путин Түштүк Корея Украинаны курал-жарак менен камсыздоону чечкенин айтты.
Ал эми Түштүк Кореянын президенти Владимир Путиндин пикирине кошулбайт.
«Биз Украинага гуманитардык жардам көрсөтүүдө эл аралык коомчулук менен тилектешпиз жана эч кандай курал берген жокпуз, бирок кандай болгон күндө да бул биздин суверендүүлүгүбүздүн маселеси», - деди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн