2022-жылы Түштүк Корея кыргызстандык жумушчулар үчүн 1 миң 800 квота бөлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков билдирди.
Анын айтымында, 2007-жылдан бери Түштүк Корея менен түзүлгөн келишимдин негизинде кыргызстандыктар жумуш менен камсыз болууда.
“Келишимге ылайык, жарандар 4 жыл 10 ай Кореяга барып иштеп келет. 15 жыл аралыгында 5 миңден ашуун кыргызстандык Кореяга барып келди. Жумушка орноштуруу программасы азыр дагы уланууда”, - дейт ал.
Акматбеков быйыл Түштүк Корея жумушчулар үчүн квотанын санын көбөйткөнүн маалымдады.
“Буга чейин 1 миң адамга берилип келсе, 2022-жылы 1 миң 800 адамды жумушка алууга макулдук берди”, - деди аталган борбордун директору.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн