Түштүк Кореядан 2 ПЧР аппарат алынып келинди. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 4-июндагы брифингде билдирди.
“Корея мамлекети менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде Кыргызстанга 2 ПЧР аппараты керектүү медициналык каражаттар менен биргеликте алынып келинди. Анын бирөөсүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына орнотуп, жайкы туристтик эс алуу учурунда иштей турган лаборатория уюштурууну пландап жатабыз. Сырттан келген медициналык аппараттардын жардамы менен лабораториялардын потенциалын күчөтүү иштери жана эпидемияга каршы иш-чаралар улантылып жатат”, - деди Үсөнбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн