Теке 03, 2024
Убакыт: 02:24
USD
86.10
87.00
EUR
92.20
93.20
RUB
0.960
1.010

Түштүк Кореядан келген кыргыздардан коронавирустун белгилери табылган жок

10.03.2020 16:01
806
Түштүк Кореядан келген кыргыздардан коронавирустун белгилери табылган жок

Түштүк Кореядан кайтып келген 21 кыргыз жаранынан коронавирустун белгилери табылган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.


Маалыматка ылайык, коронавируска каршы тапшырган анализдердин жыйынтыгында илдет табылган эмес. Өлкөгө кайтып келгендер обцервацияга алынып, тийиштүү текшерүүлөрдөн өтүүдө.


5-март күнү Сеул –Алмата багыты боюнча 197 адам учуп келген. Алардын 21 Кыргызстандын жарандары болгон. Аларды Алмата шаарынан алып келип карантинге жаткырган болчу.


Соңку маалыматтар боюнча Коронавирус илдетине дүйнө жүзү боюнча 114 045 адам чалдыгып, 4 003 адам каза болсо, 62 280 киши оорудан айыкты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн