Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 10:59
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Түштүк Кореядан келгендерде коронавирустун белгилери жок

05.03.2020 13:33
681
Түштүк Кореядан келгендерде коронавирустун белгилери жок

Түштүк Кореядан кайтып келген беш адам Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирүү таратты.


Маалыматка ылайык, ооруканада текшерүүдөн өтүп жаткан беш жаран бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Лабороториялык текшерүүлөрдөн өткөн жана коронавирустун белгилери жок. Мындан улам аларды үй шартында обсервациядан өткөрүү каралган.


“Бул үй-бүлөнүн балдарынын биринин мүмкүнчүлүгү  чектелген, экинчиси ымыркай. Бул жагдайды эске алып, үй шартында обсервацилоо чечими кабыл алынды. Жагдайга байланыштуу эл көп чогулган жайларга барууга тыюу салынат. Мындан сырткары үйүндө дезинфекция жана жеке тазалыкты сактоо керек”, - деп айтылат маалыматта.


Эске сала кетсек, Түштүк Корея коронавирус илдети чалдыккандардын саны боюнча экинчи өлкө. Учурда ал өлкөдө 5 миң 621 адам ооруга чалдыккан, ал эми курман болгондордун саны 35 болсо, илдеттен айыккандар 41 киши. Вирустун очогу болгон Кытайда дартка чалдыккандардын саны 80 409, алардын 3012си каза тапты, ал эми 52 миңден ашууну оорудан айыкты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн