Учтун айы 17, 2025
Убакыт: 23:43
USD
87.30
87.80
EUR
89.80
90.80
RUB
0.845
0.880

Түштүк Кореянын президенти өлкөдө аскердик абал киргизилгенин билдирди

04.12.2024 09:09
1610
Түштүк Кореянын президенти өлкөдө аскердик абал киргизилгенин билдирди


Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль элге кайрылуусунда өлкөдө аскердик абал киргизилгенин жарыялаганын, Yonhap агенттиги жазып чыкты.

"Мен Түндүк Кореяны колдогон күчтөрдү жок кылуу жана эркин конституциялык түзүлүштү коргоо үчүн аскердик абалды жарыялайм. <…> Мен туңгуюкка кирип бараткан эркин Корея Республикасын коргойм. <…> Мен мамлекетке каршы күчтөрдү жана ушул убакка чейин мыкаачылык менен элдин өлүмүнө жооптууларды жок кылам", - деп келтирет Yonhap агенттиги мамлекет башчысынын сөзүн.

Түштүк Кореянын армиясы өлкөдө аскердик абалдын киргизилишине байланыштуу парламенттин жана саясий партиялардын ишине тыюу салынганын, бардык маалымат каражаттары жана басмаканалар аскердик абалдын командачылыгынын көзөмөлүнө өтүшү керектигин жана бардык медициналык кызматкерлер 48 сааттын ичинде жумушка кайтуусу керектигин жарыялады.

Полиция Түштүк Кореянын парламентинин имаратын курчоого алды, ал жакка кирүүгө Улуттук ассамблеянын мүчөлөрүнө гана уруксат берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн