Бугу 16, 2024
Убакыт: 13:11
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Түштүктө абал бир аз оор болгондуктан бригада жөнөтүлүп жатат, - Мамбетов

29.03.2020 12:58
1185
Түштүктө абал бир аз оор болгондуктан бригада жөнөтүлүп жатат, - Мамбетов


Түштүк аймакта абал оорураак болгондуктан Бишкектен атайын бригада жөтөнүлүп жатат, деп билдирди Саламаттыкты сактоо министринин өкүлү Касымбек Мамбетов бүгүн, 29-мартта маалымат жыйында.


Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус менен каршы күрөшүүдө врачтардын жетишүүлүгү жана даярдыгы боюнча суроолор абдан көп түшүп жатат.


Мен расмий түрдө айтып кетсем, азыркы учурда биздин дарыгерлер жетиштүү жана аларда 100 пайыз даярдык бар. Өпкө оорулары боюнча 42 дарыгер (пульмонолог) жана 267 жугуштуу оорулар боюнча адис (инфекционист) бар. Ошондой эле 644 реаниматолог иштеп жатат”, - деди Мамбетов.


Ал кошумчалагандай, башка профилдеги адистер дагы резерв катарында окутулуп жатат. Мындан тышкары, жергиликтүү дарыгерлер менен бирге мобилдик топтор уюштурулууда. Алар аймактада үй карантиндерине алынган жарандардан тест анализ алуу жумуштарын аткарышат.  


Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча обсервациядагы жарандардын саны 4886, ал эми үй карантининде 3338 киши бар.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн