Бугу 19, 2024
Убакыт: 05:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Түштүктө коронавирустун жаңы учурлары сырттан келгендерден табылып жатат, - министрлик

14.05.2020 10:38
881
Түштүктө коронавирустун жаңы учурлары сырттан келгендерден табылып жатат, - министрлик


Түштүктө катталган коронавирустун жаңы учурлары сырттан келип, көзөмөлдө турган адамдардан табылган. Бул тууралуу 14-майдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.


Анын айтымында, учурда түштүктө абал толугу менен көзөмөлгө алынган.


“Оор жүктөрдү ташыган айдоочулар жана соңку учурда Чаткалда жаназага барган адамдан илдет жугуп, ошол боюнча маселелер чыкты. Бүгүнкү күндө айылдар тазаланып, абал жакшы. Ал эми чыгып жаткан бир эки учур Россия, Тажикстан жана башка өлкөлөрдөн келген адамдардан табылып жатат. Бул аймакта азыр баары көзөмөлдө”, - деди Каратаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн