Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 15:47
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Туубуз түбөлүк желбиресин!

08.01.2024 14:52
3766
Туубуз түбөлүк желбиресин!


Жаңырган жылдын 8-январында борбор калаабыздын Ала-Тоо аянтында жаңы түзөтүүлөр киргизилген өлкөбүздүн Туусу салтанаттуу түрдө көтөрүлдү. Ага Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев, КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жана бир катар эл өкүлдөрү катышты. 


Албетте, желегибиздин өзгөрүшүнө каршы чыккандар да болду. Бирок, бир нерсени эске алып коюшубуз керек, ошол эле каршы чыккандардын арасында мурда “Туубуз күн карамага окшоп калган, ошондон улам өлкөбүз өнүкпөй жаткан болушу мүмкүн” деген пикирди айтып жүргөндөр да көп болчу. Ошол күн караманын гүлүнө окшоп калган нурларды түздөп коелу деген аракет башталганда, ага караманча каршы туруп алышкандарын да көрдүк.


Туура, сын-пикирлер, альтернативдүү көз караштардын болушу өтө маанилүү. Бирок, бир беткей эле каралоо, жаңы сунуш-демилгелерди такыр эле жактырбоо, алтурсун ар кандай тескери пикирлерди таңуулоо жакшы көрүнүш эмес. 


Күндүн нурларын түздөп коюу, түндүктүн үч чамгарагын төртөө кылып бекемдеп коюу – бул жакшы ниет менен жасалган кадам болду. Эл ичинде “Пенденин оозунда болсо, Алланын кулагында болот” деген кеп бар. Мунун өзү адам баласы канчалык жакшыны ойлосо, Жараткан Кудай да ага жакшылыкты ыроолойт деген түшүнүк.  


Андыктан эми жаңыдан кабыл алынып, жаңыдан желбиреп илинген желегибиздин түбөлүгү түз болсун деген жакшы тилекти айталы. Ушул туунун алдында жалпыбыз биригип, бир максатты беттейли. Өлкөбүздүн экономикасы өнүгүп, калкыбыздын жашоо-шарты жакшырсын. Билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо тармактары, деги эле баардык тармактарда алдыга гана жылыштар болсун. Саясаттын сазынан чыгып, өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй илим-билимди, спортту, маданиятты, жаңы технологияларды кеп кыла тургандай бололу. Мамлекетибизде тынчтык, стабилдүүлүк, элибизде бакубат жашоо болсун.


Канатбек Аскаров

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн