Бугу 07, 2024
Убакыт: 19:55
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Туура эмес тактикага өтүп албайлы!

05.02.2021 15:42
730
Туура эмес тактикага өтүп албайлы!


Саат 8:30-9:00да жумуштап Чүй менен жөө өтүп жатып эки аялдын сөзүнө кулагым илинип кетти, - Эмне? Чыга берелиби?- деген ...


- Жоок, чыкпай тургула дейт...


  Угуп алып таң калдым...бул тачкада соода кылгандардан ким акча алат?


  Ким эскертип , ким чыккыла,чыкпагыла дейт?


  Эмнеге шарты менен, үстү жабык даяр жерлерге кирип соода кылышпайт?


   Бизде тартип болобу?


   Качанкыга чейин тротуарларга тачкалар соода кылышат?


   Налог төлөшөбү? Же алып-жулунгандардын эле заманы болуп жатабы?


    Ички орундарда деле олтурушат ....ошондой эле карапайым элдер, арендасын зорго актап жатышат, налог- патент деген нерсеге жеткизеалбай...үйгө нан-пан, шириндикти балдарыңа көтөрүнүп кетесиң, соода болсо.


Соода болбой калса, тааныштарынан карызга алып кетишет, аренда төктүм деп жол акысына эле акчасы калат. Кээде алар эмнеге арызданып кыйкырып чыкпайт, шүгүр деп жашап жүрүшөбү?


 Баарыбыз тартипти сактасак, бири-бирибизди сыйласак жашоо бир аз болсо да өз нугуна түшмөк.


Кыйкыргандардын заманы  деп кийин балдарыбыз айтат го....качан ,- десе....кыйкыргандардын заманында деп....бирок, андай болбойт, туура эмес тактикага өтүп албайлы!


Токтотолу, беш- алтыдан плакат көтөрүп барганды!

 

Бермет Биримкулова

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн