Бугу 02, 2024
Убакыт: 12:52
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Туура эмес жолдо жүргөнүмдү түшүндүм. Сирияда террористтик даярдыктан өткөн жаран экстремисттик көз караштан баш тартты

27.02.2023 12:51
198
Туура эмес жолдо жүргөнүмдү түшүндүм. Сирияда террористтик даярдыктан өткөн жаран экстремисттик көз караштан баш тартты

Сирияда террористтик даярдыктан өткөн кыргызстандык радикалдуу көз караштардан эл алдында баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.


УКМК тарабынан Кыргызстандагы диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү боюнча алдын алуу иш-чаралардын алкагында абактарда жазасын өтөп жаткан эл аралык террористтик уюмдардын мүчөлөрүн жана жактоочуларын ынандыруу боюнча иш алып барылууда.


Көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында Сирияда эл аралык террористтик уюмдардын катарында диверсиялык жана террористтик даярдыктан өткөн, Баткен облусунда туулган 56 жаштагы К.А.Г. аттуу кыргызстандык радикалдуу көз караштардан эл алдында баш тартты.


Тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында бул адам тандап алган диний багытын туура эместигин моюнга алып, Кыргызстандын жарандарын эл аралык террористтик уюмдун/диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кайрылууларына алданбоого чакырды.


Учурда УКМК эл аралык террористтик уюмдун/диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн