Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 14:52
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Туура тандоо мүмкүнчүлүгү барбы?

09.04.2021 11:11
1673
Туура тандоо мүмкүнчүлүгү барбы?


Эки күндөн кийин өлкөбүздө жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен бирге жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум өтөт. Эгерде шайлоочулардын басымдуу бөлүгү жаңы Конституцияны жактыра турган болсо, демек анда кайрадан президенттик башкаруудагы өлкө болобуз. Мына ушул шайлоо күнүнө карата “Туура тандоо жасайлы!” деген ураан, чакырыктар өтө көп айтылып жаткандагы учуру.


Деги эле бизде туура тандоо мүмкүнчүлүгү барбы? Кайсыл партияны шайласак, туура тандоо болот? Жаңы Конституциянын долбооруна “макул” дегенибиз туура тандоо болобу, же “каршы” дегенибизби?


Ачыгын айтканда, элдин да башы айланды. Азыркы тапта жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышып жаткан бардык эле партиялардын үгүт иштеринде “Бизди тандаңыз, тандоодон адашпаңыз!” деген лозунг пайдаланылууда. Өзгөчө Бишкек шаардык кеңешине аттанган партиялар акыркы 3-4 күндөн бери шаардын борбордук көчөлөрүндө, жаңы конуштарда партияларынын желектерин машиналардын айнектеринен чыгарып алышып, “Биз шаардыктар үчүн кызмат кылабыз, бизди тандаңыздар!” деп кыйкырып жүрүшөт. Эгерде ал партиялардын айткандарына ишене турган болсоң, анда туура тандоо деген ошол партияны шайлоо болуп саналат. Бирок, алардын баарына тең добуш берүүгө болбойт. Анда шайлоо бюллетени жараксыз болуп калат. Бирөөсүн тандашка туура келет. Ошондо калган партиялардын үгүт иштеринде айткандарына караганда тандоодо адашып калган болобузбу?


Мындай көрүнүш ушул жолку эле шайлоодо болуп жаткан жок. Эгемендик алган жылдардан бери карай өтүп келген шайлоолордун баарында эле “Бизди тандагыла, жаңылбайсыздар!”, же “Мени шайлагыла, жаңылбайсыңар!” деген эле үгүт иштери жүрүп келет. Бирок, дайыма эле тандоодон жаңылып келе жаткан сыяктуубуз. “Ушул мыкты иштеп берет, таза иштейт, элдин үнүн дайыма угат” деп тандаган президенттерибиз бийликке жеткен соң бат эле булуттун үстүндө калкып калат. Бийликке келгенге чейин айткандарын унутат. Бир жагынан коррупциянын тамырын кыркып жатышкандай болгону менен, экинчи жагынан жаңы коррупциянын үлкөн көчөтүн “отургузуп” жаткан болуп чыгышат. Оппозицияда жүргөндө чогуу жүргөн санаалаштарынын сөздөрү жакпай баштайт. “Шайлоолор таза өтөт, административдик ресурстар колдонулбайт” деген убадалар бардык бийликтин учурунда айтылды. Бирок, “Бөрк ал десе, баш алып ийчүлөрдүн” айынан админ ресурс дайыма колдонулуп келди. Добуш сатып алуулар да токтободу. Натыйжада эмне болот? Эки президент чет мамлекеттерде качып жүрөт, бирөө абакта отурат, дагы бирөө мөөнөтүнөн мурда бийликтен кеткенге аргасыз болду.


Ал эми Жогорку Кеңешке келген саясий партиялар шайлоо алдында берген убадаларын парламентке өтөөрү менен унутуп калышканы өнөкөт. Айрымдары мурунку шайлоодо эле берген убадаларын кийинкисинде анча-мынча “жаңылап” алышып айта беришери да белгилүү. “Биз берген убадаларыбыздын 80%дан кем эмесин аткардык” деп бир дагы партия айта албайт. Бир дагы партия ушул күнгө чейин парламенттеги мөөнөтү аяктап баратканда эл алдында отчет берелек.


Демек, шайлоочулар ушул убакка чейин туура тандоо жасай элекпиз. Өзүбүз шайлоонун таза өтүшүн талап кылабыз, кайра кайсыл партиялар акча таратса, ошолорго добуш беребиз. Кайсыл партияда бир тууганыбыз, жердешибиз, досубуз болсо, ошого басым жасайбыз. Анан кайдагы таза шайлоо болот? Кайдагы туура тандоо тууралуу сөз кылабыз?


Эгерде көңүлүңүзгө бир дагы партия жакпай жатса, демек баарына каршы добуш бериңиз. Бул сиздин туура тандооңуз болот. Жакпай жатса деле, “ушул партия 2000 сом берди эле” деп добуш бергениңиз, аларга эми сын айта ала турган укугуңузду сатканыңыз болуп саналат. Же “тууганым эле, жердешим эле” деп добуш берсеңиз, анда да өзүңүз гана күнөөлүүсүз. Себеби, сизди эч ким мажбурлап, колу-бутуңузду кайрып добуш бердирткен жок.


Көрдүңүзбү, шайлоочулар менен шайлануучулардын өз милдеттерине, укуктарына жоопкерчиликсиз мамилелеринен улам мамлекет жабыркап келатат. Шайлануучулар берген убадаларын аткарбайт, шайлоочулар алданганын токтотпойт. Анан кантип мамлекет өнүгөт? Мындай жол менен бара берсек, биз өз мамлекетибизди жоготуп алабыз. Мамлекеттин жоголгону шайлоочулар үчүн да, шайлануучулар үчүн да трагедия болот. Бизге ушунун кереги барбы? Уул-кыздарыбыздын жүзүн кантип карайбыз? Алардын тагдыры эмне болот?


Ошондо кандай жыйынтык чыгаралы? Эгерде өз мамлекетинин, анда жашаган элинин жана өз канынан жарылган уул-кыздарынын бактысын уурдап, келечегин талкалагысы келбесе, анда шайлануучулар алдаганды токтотушу керек. Элге убада бердиби, аны аткаруу үчүн артынан түшүүсү зарыл. Колунан келбеген ишти убада кылууну токтотсун.

Ал эми шайлоочулар өз мамлекетин, анда жашаган элин жана өз канынан жаралган уул-кыздарынын бактысын уурдап, келечегин талкалагысы келбесе, анда алданганды токтотсун. Добушун сатууну, жердешчилик, достук, тууганчылык үчүн добуш берүүнү жыйыштырсын.


Баарыбыздын тандообуз – адам укуктары корголгон, кен байлыктары тонолбогон, эли байгерчиликте бакубат жашаган мамлекет болсун. Ал үчүн шаардык кеңештерге, парламентке бизнесин гана коргош үчүн, жеке кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруу үчүн гана барып келаткандардын абийири ойгонушу маанилүү. Аларды шайлап жаткан эл дагы акчага, көчөгө төгүлгөн шагылга алданбай, “добушумду сатканча ачка отурганым артык” деген позицияны кармануусу керек. Ошондон кийин гана бизде туура тандоолор башталат. Ошондо гана бизде өнүгүүлөр орун алат. 


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Арси.
Башкасы жыргатып бутуп, эми ушул шаардык кенештин депутаттары калыптырбы кыйрата элек. Эшектин тушоосун да чече алышпайт. "Ханституция" да кабыл алынат, анан жыргайсынар. "Жыргатам" деп убада берип атат го.
Мир
Пайдасы елге тийбеген шайлоолор качан бутот екен.Шайлоостан еле ...