Социалдык тармактарда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын кызматкери унааны токтотуп, айдоочудан 200 сом пара алганы тууралуу видео талкуу жаратты.
Айдоочу түз эфирде ИИМдин кызматкерине протокол толтурбай эле 200 сом берип кете берүүнү сунуштаган.
Милиция кызматкери ага макул болуп, 200 сом алгандан кийин айдоочу түз эфирде отурганын айткан.
Мындан улам милиция кызматкери ага акчасын кайтарып берип, протокол толтуруп берген.
Пикирлер (1)