Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 10:30
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Туздун жана чайдын тиричиликтеги пайдасы

06.06.2024 13:36
234
Туздун жана чайдын тиричиликтеги пайдасы


Машиненин терезеси үчүн. Кышында машиненин айнеги тоңуп калбаш үчүн 4 литр сууга 2 чай кашык туз кошуп, ошону менен терезелерди ичинен сүртүп туруңуз.


Көк чөптөр үчүн. Укроп, петрушка, салат жалбырагы сыяктуу көк чөптөргө жармашкан кирлерди жакшы кетирүү үчүн аларды пайдаланардан мурун туздуу сууга жууңуз.


Чөп-чарлар үчүн. Эгерде жерге төшөлгөн плиткалардын арасынан чөптөр өсүп кетсе, алгач ошол жерлерге туздан себиңиз, андан соң сугарып салсаңыз, чөп чыкпай калат.


Жумуртка үчүн. Кокус жумуртка колуңуздан түшүп жарылып калса, үстүнө дароо туздан себелеп коюңуз. Туз өзүнө жумуртканын жабышчаак бөлүгүн сиңирип алат. Ал эми калган бөлүгүн тазалоо жеңил болот.


Туздун мындан башка да көптөгөн касиеттери бар. Мисалы, ал өзүнүн химиялык курамынын эсебинен сууну өзүнө жакшы сиңирет.


Чайдын турмуш тиричиликтеги пайдасы


Чай – жогоруда белгиленгендей, жыттарды өзүнө жакшы сиңирип алат. Мисалы, муздаткычка чайдын чамасын салып койсо, жагымсыз жыттарды жок кылат. Ошондой эле сарымсак же балык тазалаганда, ичеги-карын артканда, кармаган нерсебиздин жыты колубузду самындап жуусак да кетпей калган учурда чайдын чамасын муздак сууга салып, ага колуңузду 10 мүнөттөй салып турсаңыз, ал жагымсыздыктан арыласыз.


Ар түрдүү кошулмалардан турган чайдын чамасын автоунааңыздын салонуна салып койсоңуз, табигый жыпар жытты сезе аласыз.


Ар түрдүү бакча жана үй өсүмдүктөрү үчүн чайдын чамасы табылгыс азык болуп саналат. Ошол эле убакта топурактын бетине өлчөмүнөн көбүрөөк чаманы таштасаңыз, курт-кумурскалардын тез пайда болушун шарттай тургандыгын эсиңизден чыгарбаганыңыз оң. Мисалы, 1 кв/метр топуракка 0,5 килограмм чама туура болот.


Каралжын түстөгү териден тигилген жакалуу баалуу кийимдериңиздин мехине чаманы сээп, бир аз убакыт тыныктырып коюп, атайын щётка менен ыргагына жараша тарап койсоңуз, баштапкы абалына алып келип, жаңыланган өң берет.  


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн