Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

U-23 Азия чемпионаты: Биринчи күнү кыргыз балбандары 7 медаль утту

24.06.2022 09:57
1291
U-23 Азия чемпионаты: Биринчи күнү кыргыз балбандары 7 медаль утту


Кыргызстандык балбандар Бишкектеги 23 жашка чейинки спортчулар арасында грек-рим күрөш боюнча Азия чемпионатында жети медаль утту.

U-23 Азия чемпионаты бүгүн, 23-июнда башталып, жети салмак категорияда грек-рим күрөшү боюнча балбандар килем үстүнө чыкты. Кыргызстандын курамасы жети салмакта тең медалга татыды:

1-орун — Адилхан Нурланбеков (72 кг);

1-орун — Акылбек Талантбеков (77 кг);

1-орун — Бексултан Назарбаев (82 кг);

2-орун — Нурмухаммет Абдуллаев (60 кг);

2-орун — Аманат Самат уулу (67 кг);

2-орун — Данияр Шеримбеков (97 кг);

2-орун — Ерлан Манатбеков (130 кг).

Эскерте кетсек, Бишкектин Bishkek Arena муз аянтчасында күрөштүн үч түрүнөн 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпионаты өтүүдө. Кечээ, 22-июнда U-17 Азия чемпионаты жыйынтыкталып, кыргыз балбандары жалпы 13 медаль жеңди.

Ал эми U-23 Азия чемпионаты 26-июнга чейин уланат.

U-17 жана U-23 Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 60 спортчу аттанган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн