Европанын футбол ассоциацияларынын биримдиги (УЕФА) Еврокубоктордун бул сезонун августта жыйынтыктап, келерки сезонду кыскартууну көздөп жатканын, Британиянын The Times басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, коронавирус пандемиясынан улам календардык планды түзгөн УЕФАнын өзгөчө жумушчулар тобу бир нече сунуштарды берип, натыйжада кийинки сезонду кыскартып өткөрүүгө токтолгон.
УЕФАнын Чемпиондор лигасы жана Европа лигасы башка мелдештердей эле илдеттен улам токтотулган. Ал эми курама командалар арасындагы Европа чемпиондугу 2021-жылга жылдырылган.
Буга чейин УЕФанын жетекчиси Александр Чеферин сезон кайра качан башталарын билбесин, абалга жараша чечим кабыл алуу үчүн 3 түрлүү жол бар экенин айткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн