Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 21:46
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

UFC: Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев атаандашы Марк Диакезини жеңди

19.07.2020 09:40
1062
UFC: Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев атаандашы Марк Диакезини жеңди


Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFC мелдешинде англиялык атаандашы Марк Диакезини жеңди. 


UFC Fight Night 172 мелдеши 19-июлда Абу-Даби шаарындагы “Мушкерлер аралы” спорттук жайында өттү. 


Кыргызстандык мушкер беттештин биринчи бөлүгүнөн тартып эле өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, атаандашына бир топ мыкты соккуларды урду. Үч бөлүккө созулган беттеште калыстар бирдей чечим менен жеңишти Рафаэль Физиевге ыйгарышты.



Бул кыргызстандык мушкердин UFC уюмундагы үчүнчү беттеши болду. Жалпысынан алганда Рафаэль Физиев ММА спортунда 8 беттеш өткөрүп, 7 ирет утуп, бир жолу жеңилүү ызасын тарткан.


Анын атаандашы Марк Диакези 17 беттештин 14үн утуп, үч жолу жеңилген.





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн